ЕАЭБдин өкмөт башчылары августта Ысык-Көлдө жолугушат

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүЕАЭБдин өкмөт башчыларынын жолугушуусу
ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Казань шаарында өткөн өкмөттөр аралык кеңешинин иши жыйынтыкталды. Отурумга премьер-министр Улукбек Марипов катышты.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кийинки отуруму 19-20-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдирди.
Күн тартибинде каралуучу маселелер тууралуу азырынча айтыла элек. 30-апрелде Татарстандын борбору Казань шаарында уюмдун кезектеги отуруму өттү. Ага өлкө премьер-министри Улукбек Марипов катышты. Өкмөт башчылар отурумда негизинен соода-алака, космос жаатында кызматташуунун келечеги жана бааларды туруктуу сактоо маселелерин талкуулашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0