1-майда Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо сүйлөшүлөт

© Sputnik / Эламан КарымшаковБаткен районундагы Ак-Сай айылы
Баткен районундагы Ак-Сай айылы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу эки мамлекеттин башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, майдын экинчи жарымынан кийин Душанбеде жолугушууну макулдашышты.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү 1-майда Баткенде өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү
Баткендеги чек ара чыры
Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.
Учурда аймакта кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрө аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0