Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенге барууга камынууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутатынын креслолору. Архив
Жогорку Кеңештин депутатынын креслолору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Депутаттар чек ара аймагында жашаган мекендештерге жардам көрсөтүү, абалды жөнгө салуу боюнча сунуштарын айтышты.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары чек ара маселесин карап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, ички иштер министри баштаган бир топ тийиштүү өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын укту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Төрага Талант Мамытов баштаган эл өкүлдөрү абалды жөнгө салуу боюнча тез арада ыкчам чараларды кабыл алып, мыйзам чыгаруу органы катары бардык маселелерди чечүүгө көмөктөшөрүн билдиришти.
"Чек ара аймагында жашаган мекендештерге жардам көрсөтүү маселеси дагы каралды. Абалды жөнгө салуу боюнча депутаттар бир топ сунуштарын айтышты. Жогорку Кеңеш кабыл алган 3-майдан 7-майга чейинки эл өкүлдөрү аймактарда шайлоочулар менен иштөө боюнча токтом жокко чыгарылып, бул күндөрү иш ордуларында болуп, тийиштүү чараларды көрөт", — деп айтылат маалыматта.
Жумушчу топко кирген эл өкүлдөрү эртең Баткенге барып, элден кабар алуусу күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0