Министр Бейшеналиев: менден өткөн мыкты адис табылса креслону бошотуп берем

© Sputnik / Жоомарт УраимовПресс-конференция о лечении коронавируса настойкой иссык-кульского корня
Пресс-конференция о лечении коронавируса настойкой иссык-кульского корня - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Министр эл Кыргызстан 10 жыл бою кандай Конституция жана кандай парламент менен жашап келгенин түшүнүп калганын белгиледи.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүнөн өткөн мыкты адис табылса ага креслосун бошотуп берерин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Кечээ, 28-апрелде, Жогорку Кеңештин депутаттары соңку кырдаал боюнча маалымат алуу максатында саламаттык сактоо министрин жыйынга чакырган. Бирок ал келбей коюп эл өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жараткан. Натыйжада Бейшеналиевди кызматтан кетирүү тууралуу өкмөткө сунуш берүү токтом долбоору добушка коюлуп, 81 депутат "макул", сегизи "каршы" добуш беришкен.
Министр Кыргызстандын эли 10 жыл бою кандай Конституция жана кандай парламент менен жашап келгенин түшүнүп калганына кубанып жатканын айтты.
"Эл референдум эмнеге өтүп, Конституция кандай максатта өзгөртүлүп жатканын түшүнүп калды. Жогорку Кеңеш бул жылдар аралыгында портфель бөлүштүрүү менен гана алектенди. Депутаттар министрлерге дайыма өз ойлорун таңуулап тургандыктан алар иштей албай келишкен. 10 жыл бою ушинтип жашадык. Министрлер чакыруу түшсө эле парламентке барып жатышты, мен анткен жокмун. Командировкада жүргөндүктөн комитеттин жыйынына эки ирет барбай калдым. Алдыга койгон пландарды ишке ашыруу үчүн мындан ары дагы иштей берем. Эгер жетекчилик менден өткөн мыкты адис тапса, анда ордумду бошотуп берем", — деди министр.
Анын айтымында, депутаттар жеке таарынычынан улам ушундай чечим кабыл алышкан.
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Камчыбек Жолдошбаев: саламаттык сактоо министри жакшы иштеп жатат, колдойлу
"Мен элге ачык эле айттым, 40 депутат өзүнүн тааныштарын башкы дарыгер, борборлорго жетекчи кылып дайындоону суранды. Эгер мен мурдагы министрлердей иш алып барсам, абийирим таза болбой калмак", — деди Бейшеналиев.
Кечээки жыйында парламент депутаттары министр Алымкадыр Бейшеналиев COVID менен ооругандарды уу коргошун менен дарылоону сунуштап кыргыз медицинасын уят кылганын айтышкан. Эл өкүлү Мирлан Жээнчороев Бейшеналиевди парламентке келбей калганы үчүн эмес, элди аконит менен дарылоого чакырык жасаганы үчүн иштен алуу керектигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0