Согд губернаторун Исфара акими укпай койгон. Баткендин башчысы Суваналиев үн катты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБаткен обулусундагы ыйгарымды укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев. Архив
Баткен обулусундагы ыйгарымды укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Баткен облусунун жетекчиси Суваналиев Көк-Таш айылынын жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүп жаткандыгын айтты.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кечээ, 28-апрелде, Согд делегациясы менен сүйлөшүү аяктап, маселе чечилип калганда, саат бештерде, чагымчылдык болуп кетти. Алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койду. Бул маалыматтарды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев айтты.
"Кыргыз-тажик чек арасында бүгүн абал турукташып бара жатат. Акимчилик, айыл башчылары, күч түзүмдөрү иштөөдө. Кечээтен тарта абалды турукташтыруу менен алекпиз. Азыр абал өзгөрүлмөлүү болуп бир тынчып, кайра жаңжал чыгып кетүүдө. Элдин коопсуздугун сактоо максатында алдын ала иш жүргүзүп жатабыз. Кечээ, 28-апрелде, Согд делегациясы менен биздин делегациянын сүйлөшүүсү аяктап, маселе чечилип калганда, саат бештерде, чагымчылдык болуп кетти. Алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койду", — деди Суваналиев.
Облус башчысы абалды курчутууга кызыкдар күчтөр болуп жатканын белгиледи.
 Баткен — Исфана жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Чыр чыккан айылдагы эл көчүрүлүүдө, Баткен — Исфана жолу жабылды
"Абал азыр көзөмөлдө. Чек арада ызы-чуу, провокация болорун алдын ала сезип турдук... Азыр абалды курчутууга жеткире турган күчтөр бар, бирок биз эки элдин ортосундагы кагылышууга жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө Согд облусунун губернатору талаштуу камераны алыш керектигин айткан. Акыркы күндө Исфаранын акими аны укпай коюп, кагылышуу болуп кетти", — деп маалымдады Суваналиев.
Ал учурда так сүйлөшүү боло электигин айтты.
"Учурда коомдук тартипти сактоо жана кайтаруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Абал эмнеге мындай болуп кеткендигин биз тактап билишибиз керек. Айылдагыларды коопсуз жайга көчүрүүдөбүз. Бирин-серин ок атуу болгон, ал боюнча ИИМ башкармалыгы иштеп жатат. Айтайын дегеним, чагымчыл күчтөрдү изилдеп жатабыз", — деди облус жетекчиси.

Баткендеги жаңжал

28-апрель күнү күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Чек ара чыры. Баткендеги соңку кырдаал боюнча онлайн-репортаж
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка алган. Кечке маал абал салыштырмалуу турукташып, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Окуя учурунда төрт кыргызстандык жана беш тажикстандыктын жаракат алганы айтылат. Алардын ичинен бир кыргызстандыкка ок тийип, оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап дагы бир жараны ок жегенин айтып, бирок Кыргызстандын чек арачылары курал колдонбогонун билдирди.
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0