Депутат: өкмөт 50 млн. доллар грантты албай жатат, эки күндөн кийин кол жууйт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков. Архив
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Мындай багыттагы грантты 100 миллион доллар өлчөмүндө коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү алган.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун 50 миллион доллар грантын албай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков билдирди.
Депутаттын айтымында, аталган уюм Жашыл климат фондунун эсебинен 2020-жылы Кыргызстанга жардам катары грант берүү чечимин кабыл алган. Каражаттын 22 миллион доллары айыл чарбасын колдоого, калганы климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында алдын алуу иштерине, энергетика тармагына жумшалмак. Бул грантты сомго которсо 4 миллиард 250 миллион сом болот.
"Ушул иштерди Кыргызстан жактырганы туурасында өкмөт уюмга макулдук катын жибериши керек. Бирок аябай кечигип жатат, макулдашууга кол коюунун акыркы мөөнөтү 30-апрелде бүтөт. Өткөн жумада уюмдун өкүлү Аднан Курешти кабыл алдым, бир айдан бери өкмөттүн үч министрлигинин эшигин каккылап жүргөнүн айтты. Эки күн калды, ушуну азыр чечип бербесек, грант башка өлкөгө өтүп кетет. Бул өтө чоң акча, аны албасак уят дагы болобуз. Өкмөт тез арада чечиши керек. Министрлер чечим кабыл ала албай жаткандан кийин премьер-министрди чакыралы да өзүбүз жардам берели", — деди Алимбеков.
Ошондой эле депутат мындай багыттагы грантты 100 миллион доллар өлчөмүндө коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү алганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0