Камчыбек Жолдошбаев: саламаттык сактоо министри жакшы иштеп жатат, колдойлу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Эл өкүлү министр кээ бир жерде кемчилик кетиргени менен көпчүлүк маселе боюнча жакшы иштеп жатат деп эсептейт.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жакшы иштеп жатканын айтып, эл өкүлдөрүн аны колдоого чакырды.
Жолдошбаев министрдин өлкөдөгү медициналык мекемелерди оптимизациялоодо аябай чоң иштерди жасап жатканын айтат.
"Парламент саламаттык сактоо министринин отставкасын караганы жатат. Ал пандемия маалында жакшы иштерди жасап, Түркия, Россия, Кытайдан бери кыдырып келди. Урматтуу депутаттар, ортодон интрига кылбай, жакшы иштеп жаткан кишини жөн коюш керек. Көрөлү, убакыт берели, ортодон эле кыйшаңдатпай. Ал уу коргошунду ичкиле деген жок. Бул элдик дарылоо, денеси чыңалсын деп Каныкей Манаска да берген. Урматтуу төрага, ушуну түшүндүрүп айтып койсоңуз жакшы болот эле", — деди Жолдошбаев.
Эл өкүлү министр кээ бир жерде кемчилик кетиргени менен көпчүлүк маселе боюнча жакшы иштеп жатат деп эсептейт. Андыктан 120 депутатка кайрылып, Бейшеналиевди колдоого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0