Садыр Жапаров казино ачууга бир шарт менен каршы чыгарын айтты

© Sputnik / Екатерина Лызлова / Медиабанкка өтүүКазиндогу рулетка. Архивное фото
Казиндогу рулетка. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастан Жумабеков Ысык-Көл облусуна казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун демилгелеген.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн аймагына туристтик көңүл ачуучу жайы менен казино куруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн кеңейтилген талкуу аянтчасын уюштурууну сунуштоодо. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Эгер коомчулук өлкө аймагына чет өлкөлүктөр үчүн казино ачууга караманча каршы чыга турган болсо, президент Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун кабыл алган кезде чечимге вето коюу каралган конституциялык укугун колдонууга даяр", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков Ысык-Көл облусуна казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун демилгелеп, ал 8-апрелде биринчи окууда каралып колдоо тапкан. Өлкө башчы Садыр Жапаров дагы бул идеяны колдой турганын билдирген. 
Жаңылыктар түрмөгү
0