Шаардык кеңешке мандаттар КЭДПсыз кандай бөлүштүрүлүшү мүмкүн

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Эгер сот БШКнын чечимин колдой турган болсо, шаардык кеңешке беш партия өтүп калат. Аларга мандат кандай бөлүштүрүлөрүн Sputnik агенттигинин сайтынан окуңуздар.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Ишембиге караган түнү Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды сатып алууга шектелип жаткан Кыргызстан элдик-демократиялык партиясын шайлоо жарышынан четтетүү боюнча Бишкектин аймактык комиссиясынын чечимин колдоп берген.
Ал эми партия БШКнын чечими мыйзамсыз экенин айтып, сотко кайрыларын жарыялады.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы эгер сот БШКнын чечимин колдой турган болсо, шаардык кеңешке мандаттар кандайча бөлүштүрүлөрүн эсептеп көрдү.
Сот КЭДПны жарыштан четтетүүнү мыйзамдуу деп чечсе, анда Бишкек шаардык кеңешине беш партия өтөт. Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча, шаардык кеңештеги 45 мандат төмөнкүчө бөлүнөт:
  • "Эмгек" — шайлоочулардын 13,81 пайыз добушун алган — 12 мандат;
  • "Ак-Бата" — 12,23 пайыз — 11 мандат;
  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 9,57 пайыз — 8 мандат;
  • "Ынтымак" — 8,3 пайыз — 7 мандат;
  • "Биздин эл" — 7,74 пайыз — 7 мандат.
Депутат Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатын тапшырды
Бул алдын ала маалымат, расмий жыйынтыкты Бишкек аймактык комиссиясы чыгарат.
Белгилей кетсек, 19-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын добуш сатып алганы жана үгүт иштеринин жол-жобосун бузганы аныкталганын айтып, жарыштан чыгарган. КЭДП бул чечимге макул болбой Боршайкомго арыз жазган. Алардын даттануусун БШКнын жумушчу тобу карап чыгып Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жактырууну, ал эми КЭДП партиясынын берген арызын четке кагууну сунуштаган. Натыйжада сунушту БШКнын тогуз мүчөсү колдоп, экөө каршы добушун берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0