Ташиев: Кемпир-Абадды ушул бойдон калтырып, Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской областиКемпир-Абадское водохранилище
Кемпир-Абадское водохранилище - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Жазылуу
Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болгон эл Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадиондо Камчыбек Ташиев менен жолукту.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жер элдин талабы менен Өзбекстанга берилбей турганын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөн районунда калк менен жолугушуу учурунда айтты.
Ташиев “Куршаб элинин каалоосун четке какпай тургандыгын, элдин талабы эң жогорку талап экендигин айтып, Кемпир-Абадды Өзбекстанга бербейбиз” деген билдирүү жасады.
“Кемпир-Абадды азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз. Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз", — деди Ташиев.
Ал маселе чечилгенин билдирип, нааразычылык билдирип чыккан Өзгөн элин тарап кетүүгө чакырды.
Митинг против передачи земли вокруг Кемпир-Абадского водохранилища Узбекистану в Узгенском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Ташиев Кемпир-Абад боюнча Өзгөн эли менен жолугуп жатат. Сүрөттөр
Эске салсак, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон. Андагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Ташиев Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын плотинасы өзбек тарапка өтөт деп чечим кабыл алынганын айткан.
Мындан улам коомчулукта нааразы болгондор чыгып, социалдык тармактарда Кемпир-Абад
маселеси боюнча талкуулар башталган.
Суу сактагычка караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы Өзгөн районунун жашоочулары да нааразычылык акциясына чыгып, суу жээгине боз үйлөрдү тигип алышкан. Анда элдин талабын угуу үчүн өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев барган. Бирок чогулгандар анын жообуна канааттанбай, Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан эле.
Бүгүн, 25-апрелде, алар менен Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадионунда Ташиев жолугушуу өткөрдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0