Адис: Россия экономикасынын өсүшү Кыргызстанга пайда гана алып келет

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЕвразия өнүктүрүү банкынын башкы экономисти Евгений Винокуров. Архив
Евразия өнүктүрүү банкынын башкы экономисти Евгений Винокуров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Бүгүн Россия лидери Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жасады. Анда саламаттык сактоо, социалдык саясат, экономика жана эл аралык мамилелер тууралуу сөз болду.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россиянын экономикалык өсүшү ЕАЭБге кирген өлкөлөргө жана биримдикке жалпысынан эле оң таасир этет. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкы экономисти Евгений Винокуров Россия президенти Владимир Путиндин Федералдык жыйынга болгон кайрылуусу боюнча пикирин билдирип жатып айтты.
"Россия биримдикке кирген өлкөлөр үчүн маанилүү өнөктөш болуп эсептелет. Ошондой эле Кыргызстан, Армения жана Тажикстандын жарандары Россиядан көп акча которушат. Бул өңүттөн алганда Россиянын экономикалык өсүшү ЕАЭБге кирген өлкөлөргө жана биримдикке жалпысынан эле оң таасир этет”, — деди Винокуров.
Ошондой эле ал ЕАЭБдин ички дүң өндүрүмүнүн 85 пайызы Россияга туура келип, 75 пайыз эл ушул өлкөдө жашарын айтты.
Мындан тышкары, экономист Россиянын ички дүң өндүрүмү 3,3 пайызга өсөрү божомолдонуп жатканын кошумчалады.
Бүгүн Россия лидери Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жасады. Анда саламаттык сактоо, социалдык саясат, экономика жана эл аралык мамилелер тууралуу сөз болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0