Зулушев: Жазык кодексинен тергөө менен кызматташуу беренесин алып салабыз

© Фото / пресс-служба ЖКБашкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Башкы прокурор тергөөчүлөр, прокурорлор кесипкөйлүүлүгүн жоготуп, изденбей, далилдерди чогултпай калганын белгиледи.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жазык кодексинен тергөө менен кызматташуу беренеси алып салынат. Бул туурасында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентке берген отчетунда билдирди.
Анын айтымында, учурда кодекстерди жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү иштери жүрүп жатат. Анын алкагында 2019-жылы күчүнө кирген беш кодекстин төртөөсүн өзгөртүү долбоору даярдалып бүттү.
"Жаңы Баш мыйзам боюнча Башкы прокуратурада мыйзам демилгелөө укугу бар. Азыр төрт кодексти өзгөртүү долбоорун даярдап чыктык. Бул боюнча курамында ар түрдү көз караштагы 55 адистен турган жумушчу топту өзүм жетектейм. Ошонун ичинде тергөө менен кызматташуу беренесин алып салуу бар. Бул бүгүнкү күндө мезгилдин талабы. Практика көрсөттү, бир айыпталуучу башкаларды кылмыш жасаганын же жасабаса да жалган көрсөтмө берсе, анын иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнөт. Бул адам укугун тебелеп, чоң кедергисин тийгизип жатат", — деди башкы прокурор.
Ошондой эле Зулушев бул беренеге таянып тергөөчүлөр менен прокурорлор изденбей, далилдерди чогултпай, кесипкөйлүгүн жоготуп жатканын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0