Финполдун мурдагы башчысы коррупцияга күнөөлүү деп табылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектин Биринчи май райондук соту Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров. Архив
Бишкектин Биринчи май райондук соту Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Буга чейин Таиров тергөө менен келишим түзүп, 20 миллион сом чыгымды мамлекетке кайтарып эркиндикке чыкканы айтылган.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук соту Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын мурдагы төрагасы Бакир Таировду коррупцияга күнөөлүү деп тапты.
Таиров соттун чечими менен мамлекетке 265 миң сом айып төлөмөй болду.
Ал октябрь айындагы парламенттик шайлоо алдында саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик органдын башчысын ири суммадагы акча которууга мажбур кылган деп УКМК тарабынан кармалган.
ЖМКлар февраль айында Таиров тергөө менен келишим түзүп, 20 миллион сом чыгымды мамлекетке кайтаруу менен эркиндикке чыкканын жазышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0