Парламент Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окуудан колдоду

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүКазинодогу рулетка. Архив
Казинодогу рулетка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Эгер мыйзам колдонууга чыкса, чет элдиктер үчүн аэропорттун жанына атайын зона курулуп, казинолор ачылат.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Ысык-Көл облусуна казинолорду ачууга уруксат берген мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору биринчи окууда 8-апрель күнү каралган. Бирок ал күнү добушка коюлбай жылдырылган болчу.
Бүгүн аталган демилгеге 68 депутат "макул", 23ү "каршы" добушун берди.
Андан соң Төрөбай Зулпукаров чыгып беш-алты депутат адашып калганын айтып, кайрадан добушка коюуну сунуштады.
Ал эми Айбек Осмонов менен Аккулу Бердиев мыйзам долбоорун түшүнбөй "макулду" басып алганын айтып чыкты.
Бирок эл өкүлдөрү Бактыбек Турусбеков, Дастан Жумабеков, Улукбек Ормонов кайра добушка коюуга каршы чыкты.
Ал арада Рыскелди Момбеков мындай мыйзамды өткөрүү үчүн түндө кээ бир адамдарга чалып, коркутуу болгонун белгиледи.
Ак үйдүн алдында казино мыйзамына каршы болгондор митинги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Казино мыйзамына каршы болгондор Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Сүрөттөр
Талаш-тартыштын натыйжасында төрага Талант Мамытов кайрадан добуш берүү сунушун добушка койду эле, өтпөй калды. Башкача айтканда 46 эл өкүлү макул болуп, 13ү каршы чыкты. Жыйынтыгында алгачкы берилген добуштар күчүндө калтырылып, мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү деп таанылды.
Мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков сунуштаган.
Демилгечилердин айтымында, бул Ысык-Көлгө туристтик сезонду өнүктүрүү жана бюджетти толтуруу максатында сунушталууда. Аэропорттун жанына атайын зона курулуп, чет элдик жарандарга гана ал жакка кирип кумар оюндарын ойноого уруксат берилет. Ал эми кыргызстандыктарга тыюу салынат. Мунун арты менен бюджетке жылына 600 миллион сом түшөт.
Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо учурунда бир нече депутат каршы чыгып, туристтик сезонду өнүктүрүүнүн башка ыкмасын колдонсо болорун белгилеген. Ошондой эле Россиянын, Казакстандын жарандыгын алган кыргыздар көп экенин айтып, кайра эле мекендештер жапа чегерин билдирген. Аны менен катар бул мыйзам көзөмөлдөн чыгып кыргыз жарандары дагы кирип ойной берерин билдиришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0