Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатын тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович
Депутат Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Жумалиев буга чейин коррупцияга шектелип эки айга камакка алынган. Кийин мамлекетке 1 миллиард сом төлөп эркиндикке чыккан.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатын тапшырды.
Эл өкүлүнүн мандатын алуу маселеси Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында каралды. Ага ылайык, Жумалиев кызматтан кетүү боюнча арызын 13-апрель күнү эле жазып, БШКга тапшырган. Бүгүнкү жыйында БШКнын мүчөлөрү депутаттын мандаты боюнча токтом долбоорун бир добуштан кабыл алышты.
Жерде, түрмөдө жаткан депутаттар кантип кол койду? Момбековдун ачууланган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жерде, түрмөдө жаткан депутаттар кантип кол койду? Момбековдун ачууланган видеосу
Ваканттык орун Аманкул Токтомамбетовго өткөрүп берилди. Ал бир кезде Ысык-Көл райондук сотунда судья болуп иштеген.
Эске салсак, Жумалиев коррупцияга шектелип кармалып, Биринчи май райондук сотуна алып келинген. Сот анын баш коргоо чарасын тандап, эки айга камакка алган. Ал эми УКМК депутат эмнеге кармалганын түшүндүрүп берген.
Кийин ал мамлекетке 1 миллиард сом төлөп, сыртка чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде эркиндикке чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0