Каршы турабыз! КЭДП шайлоо жарышынан четтетилиши боюнча үн катты

© Sputnik / Жоомарт УраимовШайлоо комиссиясынын кызматкери КЭДП партиясынын табличкасын кармап турат
Шайлоо комиссиясынын кызматкери КЭДП партиясынын табличкасын кармап турат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Бишкектин аймактык комиссиясы бир катар себептер менен КЭДПны шайлоо жарышынан четтетүү чечимин кабыл алган.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Шайлоо жарышынан четтетилген Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы (КЭДП) Бишкектин аймактык комиссиясынын чечимине нааразычылыгын билдирип, "мыйзам бузуулар боюнча айтылган далилге ынанбаганын жар салды. Бул тууралуу билдирүү партиянын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Эске салсак, Бишкектин аймактык комиссиясы шайлоо күнү добуш сатып алуу, үгүт иштерининин жол-жобосун бузуу, партиянын каржылоосу жана башка нерселер себеп болушу мүмкүн экенин айтып, КЭДПны шайлоо жарышынан четтетүү чечимин кабыл алган.
"Бизге мыйзам бузуулар боюнча күмөн санаткан далилдерди көрсөтүштү. Бирок бир дагы жолу добуш сатып алуу болгонун жарытылуу далилдеп бере алышкан жок. Өздөрү ойлоп тапкан эки мисалды бетке кармашты. Ал нерселер тастыкталып, эки шайлоо тилкесинде жыйынтык жокко чыгарылды деген күндө дагы добуш берүүнүн жалпы жыйынтыгына анчалык таасир бермек эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле партия мыйзамсыздыкка каршы туруп өз таламын талашарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0