Бактыбек Аманбаев АКШга элчи болуп дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Бактыбек Аманбаев. Архив
Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Бактыбек Аманбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын омбудсмени болгон. Былтыркы октябрь окуяларынан кийин өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул жылдын февраль айына чейин иштеген.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул кызматты 2019-жылдан бери Болот Отунбаев аркалап келген. Аны менен катар Отунбаев Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп эмгектенген.
Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын омбудсмени болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын тизмесинде катышкан. Октябрь окуяларынан кийин өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул жылдын февраль айына чейин иштеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0