Салык кызматынын жетекчиси отставкага кетип, ордуна башка келди

© AFP / GREG BAKER Аткаминер портфель менен. Архив
Аткаминер портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
1-апрелде премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен кайра кызматка дайындалган Кабылов отставкага кетти.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматка караганда, анын ордуна Илияз Иманбетов келди. Ал буга чейин ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштеген башкармалыкты жетектеп турган. 
Кабыл Абдалиев 2019-жылдын июль айынан бери ушул кызматты ээлеп келе жаткан. 2021-жылы өкмөттө реформа болуп, Салык кызматы Экономика жана финансы министрлигинин курамына киргендиктен 1-апрелде премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Абдалиев кайра кызматка дайындалган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0