УКМК: саясий серепчи Марат Казакпаев мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясий серепчи Марат Казакбаев. Архив
Саясий серепчи Марат Казакбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Марат Казакпаев 55 жашта. Ал көбүнесе геосаясат жана жергиликтүү маселелер боюнча ЖМКларга пикирин айтып келет.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мамлекетке чыккынчылык кылган деп шектелип кармалган эки жарандын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экенин кабарлады.
Буга чейин УКМК мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен М.К. жана М.Т. аттуу эки кыргызстандык кармалганын билдирген.
Маалымат кызматынан билдиришкендей, кылмыш иши КР Жазык кодексинин 307-беренесине ("Мамлекеттик чыккынчылык кылуу") ылайык кылмыш иши козголгон.
"Аталган кылмыш ишинин чоо-жайы сыр бойдон сакталышы керек деген талаптарга ылайык, иликтөө соңуна чыкмайынча маалымат берилбейт", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Мыйзамсыз курал-жарак сатуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Аксыда ири көлөмдө курал сатууга камданып жаткандар кармалды. Сүрөттөр
Комитеттен эске салышкандай, мыйзамга ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылгандардын күнөөсү далилденсе, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Марат Казакпаев 55 жашта. Буга чейин Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. КР Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, "Полис Азия" аналитикалык борборунда адис болгон.
Ал көбүнесе геосаясат жана жергиликтүү маселелер боюнча ЖМКларга пикирин айтып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0