Ош шаардык кеңеши: бир партияга 27 мандат тийиши мүмкүн

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял шайлоо участогунда добуш берип жатат
Аял шайлоо участогунда добуш берип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Тизме автоматтык түрдө эсептеген урнанын (АСУ) маалыматтарды 96,49 пайыз эсептеп чыккандан кийин түзүлдү. Натыйжада шайлоодон төрт партия өттү.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ош шаардык кеңешинде мандаттар кантип бөлүштүрүлөрү болжолдуу түрдө белгилүү болду.
АСУнун алдын ала маалыматы боюнча, мандаттар төмөнкү төрт партияга бөлүштүрүлөт.
  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 48,68 пайыз (27 мандат);
  • "Улуттар биримдиги" — 17,52 пайыз (12 мандат);
  • "Ыйман нуру" — 8,11 пайыз (4-5 мандат);
  • "Ынтымак" — 7,02 пайыз (3-4 мандат).
Бул тизме АСУ маалыматтардын 96,49 пайызын эсептеп чыккандан кийин түзүлдү.
Бул болжолдуу эсеп экенин эскертебиз. Мандаттардын саны менен бөлүштүрүлүшү өзгөрүп кетиши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0