Россиянын үч шаарында добуш берүү соңуна чыкты

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги шайлоо участкасында аял добуш берип жатат
Бишкектеги шайлоо участкасында аял добуш берип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Добуш берүү мыйзамдын талаптарына ылайык жана бардык санитардык эрежелер сакталган шартта өткөрүлгөнү кошумчаланды.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Россиянын үч шаарында "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" мыйзамынын долбооруна добуш берүү аяктады. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилиги билдирди.
Ага ылайык, Түштүк Сахалин шаарындагы № 9013, Владивостоктогу № 9004 жана Иркутск шаарындагы № 9007 шайлоо участкаларында добуш берип бүтүштү.
Бишкектеги шайлоо участкасында добуш берүү үчүн үкөктөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Саат 18:00гө карата маалымат. Референдум өттү деп тааныла элек
Россиянын эң алыскы аймактарында жашаган өлкө жарандарына жалпы элдик добуш берүү аркылуу өз тандоосун билдирүү мүмкүнчүлүгү берилген.
Добуш берүү мыйзамдын талаптарына ылайык жана бардык санитардык эрежелер сакталган шартта өткөрүлгөнү кошумчаланды.
Чет жакта 48 шайлоо участкасы ачылды. Тизмеде 58 598 жаран катталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0