Саат 16:00гө чейин канча кыргызстандык шайлоого катышканы айтылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги шайлоо участогунда киши добуш берип жатат
Бишкектеги шайлоо участогунда киши добуш берип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Референдумга 888 331 шайлоочу добуш берсе, жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоого 856 404 шайлоочу келген.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга добуш берүүгө катышкандардын саны 25 пайызга чукулдады. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов саат 16:00гө карата берген маалыматында билдирди.
Анын айтымында, референдумга 888 331 киши добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 24,63 пайызын түзөт. Жаңы Конституция боюнча пикирин билдирүүдө Ош шаарынын тургундары эртеден бери активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Учурда катышкандардын саны 32,72 пайызды түздү. Бишкек шаары дагы деле эң төмөнкү көрсөткүч (20,40 пайыз) менен баратат.
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Кыргызстанда шайлоо өтүп жатат. Онлайн-репортаж
Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоого 856 404 шайлоочу келген, бул жалпы шайлоочулардын 25,81 пайызы.
Мыйзам боюнча шайлоочулардын 30 пайызы катышканда гана референдум өттү деп таанылат.
Эскерте кетсек, 28 шаардык кеңешти шайлоого 59 партия катышууда. 420 айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0