Шайлоочулардын 20 пайызы добуш берди. Саат 14:00гө карата маалымат

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыз шайлоо участогунда добуш берип жатат
Кыз шайлоо участогунда добуш берип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Шайлоо участкалары ачылгандан бери алты сааттын аралыгында добуш бергендердин саны 19,41 пайызды түздү.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Саат 14:00гө карата алынган маалымат боюнча, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого жана референдумга 700 миңге чукул адам катышты. Бул туурасында БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов брифингде билдирди.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоого 674 419 адам же жалпы шайлоочулардын 20,33 пайызы катышты.
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Кыргызстанда шайлоо өтүп жатат. Онлайн-репортаж
Ал эми референдумга 700 миң шайлоочу келген, бул 19,41 пайызды түзөт. Эртең менентен бери катышуу боюнча эң төмөнкү көрсөткүч (15,62 пайыз) Бишкекте байкалууда. Ош шаары дагы деле активдүү (26,18 пайыз).
Белгилей кетсек, шайлоочулардын 30 пайызы катышканда гана референдум өттү деп таанылат.
Ал эми 28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышууда. 420 айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0