Элге биринчи жолу башкаруу формасын тандоо укугу берилди. Жапаровдун кайрылуусу

Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Жапаров ар бир жаранды өлкө келечегине кайдыгер карабай мамлекеттин келечеги үчүн өз салымын кошуп туура чечим кабыл алууга үндөдү.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга карата элге кайрылуу жасады.
Өлкө башчынын маалымат кызматы жарыялаган текст толугу менен берилет:
"Урматтуу мекендештер!
Бүгүн өлкө келечеги үчүн жоопкерчиликти жана мамлекеттик башкарууда тартипти жогорулатууга багытталган жалпы элдик добуш берүү күнү келди.
Кыргызстан отуз жыл бою өз жолун таппай чайналды. Бир нече ирет толкундоолор болду.
Мунун баары — багытыбыздын, ниетибиздин түз эместигинин кесепети.
Былтыркы октябрь айындагы окуялар мындан ары өз жолубузду тандоону, журтубузда жоопкерчилик менен тартиптин орношун талап кылды. Ал окуялар — тарыхыбыздагы эң ыплас, таза эмес шайлоонун натыйжасы. Бийлик элдин үнүн уккан жок.
Бийликтин ушундай жоопкерчиликсиздигинен, адилетсиздигинен, өзү билемдигинен тажаган эл системалуу өзгөрүүлөрдүн болушун талап кылды.
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн тарыхында элге биринчи жолу өлкөнүн башкаруу формасын тандоо укугу берилди. Сиздерге белгилүү болгондой, 10-январда кыргыз эли өз жолун тандап, президенттик башкарууну колдоду.
Ушундан улам Баш мыйзамды өзгөртүү зарылдыгы бышып жетилди. Илимий чөйрөнүн, коомчулуктун активдүү жана көрүнүктүү өкүлдөрүнүн катышуусу менен Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыкты.
Мындан аркы алган багытыбыз кандай болору сиздердин бүгүнкү чечимиңиздер менен тыгыз байланыштуу.
Мамлекеттик башкарууда жоопкерчиликти ыйык тутуп, мыйзамдуулуктун бекем сакталышына багыт алсак гана эл алдында жүзүбүз жарык болуп, келечекке карай үмүт арттырабыз.
Мен мамлекет башчысы катары добуш берүүгө укуктуу бардык мекендештерибизди өлкө келечегине кайдыгер карабоого чакырам.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум административдик ресурстар колдонулбастан адилеттүү, калыс өткөрүлүшү керек.
Биз буга чейинки бийликтин кетирген кемчиликтерин кайталабай, өткөн күндөрүбүздөн сабак алышыбыз зарыл.
Демократиялык кайра жаңылануунун негизги шарты — шайлоодо өз сөзүн эркин айткан элдин эрки. Атаандаштык эрежесин бузбай, шайлоону таза өткөрө алган бийлик гана өлкө жарандарынын ишенимин актай алат. Ал эми таза шайлоо өз кезегинде өлкөдөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун пайдубалына айланат.
Ошондуктан мен кыргыз элин жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга активдүү катышууга чакырам, ал эми тиешелүү органдардан шайлоону таза өткөрүүнү дагы бир ирет талап кылам. Күчтүү мамлекетти калыптандыруу үчүн биринчи кезекте өлкөнүн негизги мыйзамы күчтүү болушу керек.
Мен дагы бир жолу бардык мекендештерибизди өлкө келечегине кайдыгер карабоого, ар бир жаранды мамлекеттин келечеги үчүн өз салымын кошуп, туура чечим кабыл алууга үндөйм".
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өтүп жатат.
Өлкө башчы добуш берүү үчүн Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо тилкесине барган.
Ушу тапта шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0