КМШнын ПААсынан келген 50дөн ашык байкоочу референдумга көз салат

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогундагы байкоочулар. Архив
Шайлоо участогундагы байкоочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Кыргызстанда жана чет жактагы шайлоо тилкелеринде КМШнын Парламент аралык ассамблеясынан 54 байкоочу иштемекчи. Алар сегиз мамлекеттин өкүлдөрү экени айтылды.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 11-апрелдеги референдумга КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан 54 байкоочу көз салат. Бул туурасында аталган ассамблеянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Шериктеш мамлекеттердин парламентарийлери, КМШнын парламент аралык ассамблеясынын кеңешинин катчысы Дмитрий Кобицкий башында турган катчылыктын өкүлдөрү жана Жарандардын шайлоо укуктарын сактоо, парламентаризм жана демократияны өнүктүрүү институтунун эксперттери КРге жаңы Конституциянын долбоору боюнча өтө турган референдумга байкоо жүргүзүү үчүн келет.
"Кыргызстанда жана чет жактагы шайлоо тилкелеринде КМШнын Парламент аралык ассамблеясынан (ПАА) келген 54 байкоочу иштейт. Мониторинг тобун Тажикстандын Оли Мажилисинин Милли мажилисинин Конституциялык негиздер, мыйзамдуулук, укуктар жана адамдын, жарандын эркиндиги комитетинин төрагасы, КМШнын ПААсынын укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Дилшод Рахмон жетектейт", — деп айтылат маалыматта.
Референдум по проекту новой Конституции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жаңы Конституция долбоору тууралуу толук кеп: референдумдан соң бизди эмне күтөт?
КРге келген эл аралык байкоочулар БШКнын, ТИМдин жетекчиси, Баш прокурордун орун басары, ЖК төрагасы жана биринчи вице-премьер менен жолукмакчы.
Жекшемби күнү Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын парламент мүчөлөрү, КМШ ПААсынын Кеңешинин катчылыгы Бишкекте, андан сырткары, Кыргызстандын башка шайлоо тилкелеринде иштемекчи. Мындан тышкары, алар Баку, Минск, Алматы, Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Душанбе, Берлин жана Пекин шаарларында да иш алып бармай болушту.
Жаңылыктар түрмөгү
0