17:50 17 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (42)
0 0

Парламентарийлер нааразы болуп, бул жерде бир кыздын эмес, жалпы аялдардын тагдыры каралып жатканын айтышты.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча парламентке келбей койду.

Бүгүн эртең менен каргаша тууралуу маалымат угуу үчүн депутаттар министрди чакырган.

Бирок жыйынга анын орун басары Эркебек Аширходжаев келди.

Парламентарийлер нааразы болуп, бул жерде бир кыздын эмес, жалпы аялдардын тагдыры тууралуу кеп болуп жатканын айтышты.

Депутат Айсулуу Мамашова ИИМ башчысы Ниязбеков жоопкерчиликтен качып элге да чыкпаганын, ошондой эле парламентке да келбегенин сынга алды.

Ал эми Аширходжаев министр учурда өкмөттөгү кеңешмеге катышып жаткандыктан келе албай калганын айтты.

Натыйжада депутаттар орун басарын залдан чыгарып, министрдин өзүн кайра чакырышты.

Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (42)

Тема боюнча

Марипов: ИИМ башчысынын жоопкерчилиги боюнча маселе каралат
Президент Жапаров Айзаданын өлүмү боюнча үн катты
Белгилер:
келүү, министр, Улан Ниязбеков, депутат, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ