Жапаров Ирандын тышкы иштер министрин кабыл алды. Талкууланган маселелер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин жолугушу
Өлкө башчы Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин жолугушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Кыргызстандын президенти Ирандын тышкы иштер министрин өлкөдө чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканына ишендирди.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышкан.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды
Өлкө башчы Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өлкө башчы Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышкан
Тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышкан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышкан
© Sputnik / Табылды КадырбековСадыр Жапаров Иран менен соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде инвестициялык чөйрөнү чыңдоого кызыкдар экендигин билдирген
Садыр Жапаров Иран менен соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде инвестициялык чөйрөнү чыңдоого кызыкдар экендигин билдирген - Sputnik Кыргызстан
3/3
Садыр Жапаров Иран менен соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде инвестициялык чөйрөнү чыңдоого кызыкдар экендигин билдирген
1/3
Өлкө башчы Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды
2/3
Тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышкан
3/3
Садыр Жапаров Иран менен соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде инвестициялык чөйрөнү чыңдоого кызыкдар экендигин билдирген
Садыр Жапаров Иран менен соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде инвестициялык чөйрөнү чыңдоого кызыкдар экендигин билдирген.
"Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууну каалаган ирандык чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн биздин эшик ар дайым ачык. Учурда биз чет элдик инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп аракеттерди жасап жатабыз. Инвесторлорго болгон мамиле мындан ары өзгөчө болорун баса белгилеп кетким келет", — деди ал.
Өз кезегинде министр Кыргызстан Иранды бир катар багыттар боюнча эл аралык аренада колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, Иран жетекчилиги Кыргызстан менен туруктуу кызматташууга даяр экенин айтты.
Министр Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун өткөрүүнүн актуалдуулугуна токтолду. Ошондой эле жол жана транзиттик потенциал чөйрөсүндөгү өз ара кызматташууну эң жогорку артыкчылык деп атады.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жапаров Түштүк Кореядан студенттер үчүн квота сурады
Жавад Зариф кыргыз тараптын экономиканын ар кыл тармактарына — айыл чарба, фармацевтика, гидроэнергетика жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүүгө каражат салууга даяр ирандык инвесторлорду тартуу ниетин кубаттады.
Министр өлкө жетекчилигинин атынан Садыр Жапаровду Иранга сапар менен барууга чакырды.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып Жапаров Кыргызстандын эки тараптуу кызматташууга, айрыкча экономикалык жана инвестициялык байланыштарды активдештирүүгө даяр экендигин дагы бир жолу белгилеген. Ошондой эле Ирандын президенти Хасан Руханиге салам жолдоду.
Жаңылыктар түрмөгү
0