Мекенди коргоодон ыйык милдет жок. Жапаров Баткенде машыккан аскерлерге кайрылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы өлкөдө ар кандай деструктивдүү күчтөр улуттук кызыкчылыктарга зыян келтирип, кырдаалды курчутуу аракеттерин улантып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Өз үйүн, мекенин коргоодон артык ардактуу жана ыйык милдет жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы аскерий машыгууда билдирди.
Мамлекет башчы бүгүн Бужум аскер полигонуна барып "Коопсуздук — 2021" жана "Калыптандыруу Түштүк — 2021" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын жыйынтыктоочу этабына байкоо салган.
"Терроризм менен экстремизм дүйнө жүзүнө коркунуч келтирип турганда өз үйүн, мекенин коргоодон артык ардактуу жана ыйык милдет жок. Өткөрүлгөн машыгуулар Кыргызстан гана эмес, Борбор Азия регионунун коопсуздугун бекемдөөгө салым кошоруна ишенем. Ата Мекенибиздин тынчтыгы жана гүлдөп өнүгүүсү үчүн татаал, бирок ардактуу милдетти аркалаган баарыңыздарга ийгилик каалап кетүүгө уруксат этиңиздер", — деди Жапаров.
Президенттин айтымында, өлкөдө прогрессивдүү кадамдарга, бийлик системасын реформалоого жана коррупцияга каршы күрөшкө карабастан, ар кандай деструктивдүү күчтөр улуттук кызыкчылыктарга зыян келтирип, кырдаалды курчутуу аракеттерин улантууда.
Ал бир башчыга баш ийүү принцибин сактоо үчүн Куралдуу күчтөрдө вертикалдуу башкарууну орнотууга мүмкүнчүлүк түзүүчү Коргоо министрлигин кайрадан түзгөнүн белгиледи.
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу
"Өнөктөш мамлекеттер менен биргелешип ата мекендик коргонуу-өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Жакынкы мезгилде Коргоо министрлигинин курамында атайын операцияларга жооптуу күчтөр түзүлөт. Бул өз кезегинде, эл аралык терроризмге каршы натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет", — деди президент.
Мындан сырткары, ал 1-апрелден баштап аскер кызматчылары үчүн азык-түлүктүн көлөмү көбөйтүлүп, анын калориялуулугу жана ар түрдүүлүгү жогорулатылгандыгын белгиледи.
Аны менен катар мамлекет башчы Ош шаарында ушул жылы 200дөн ашык аскер кызматчысы турак-жай менен камсыз болорун билдирди. Ошондой эле аларды талаптагыдай каржылоо маселеси караларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0