Марипов жетекчилердин ишин баалоо үчүн KPI киргизүүнү сунуштады

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жыйыны учурунда
Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
KPI — бул тийиштүү бир тармактагы жетишкендиктерди, алдыга коюлган пландардын канча пайызга аткарылганын так көрсөткөн механизм.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин ишин баалоо, көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн KPI механизмин (Key Performance Indicator — натыйжалуулуктун маанилүү көрсөткүчтөрү) ишке киргизүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Ал 2020-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгын кароо боюнча өкмөттүн кеңешмесине катышкан. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө министрлер кабинетинин алдында 100 күндүк программаны өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруу маселеси турат.
"Мен мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик орган жетекчилеринин ишин объективдүү баалоо үчүн KPI тутумун киргизүү маанилүү деп эсептейм. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселесинде тармактык органдар азык-түлүк коопсуздугун, азык-түлүк продуктуларына карата бааны кармоо жана турукташтырууну камсыздоо боюнча сапаттуу иш жүргүзүүсү зарыл", — деген Марипов.
KPI — бул тийиштүү бир тармактагы жетишкендиктерди, алдыга коюлган пландардын канча пайызга аткарылганын так көрсөткөн механизм.
Жаңылыктар түрмөгү
0