Марат Аманкулов менен Мирлан Бакиров депутаттык мандатынан ажыратылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров. Архив
Мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Экөө тең жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыр күздөгү парламенттик шайлоого партия лидерлери болуп катышкан.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Марат Аманкулов менен Мирлан Бакировду Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратты.
Аманкулов кызматын тапшыруу боюнча өз ыктыяры менен арыз жазган, ал эми Бакиров Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы болуп дайындалганына байланыштуу депутаттыктан кеткен.
Депутат Жогорку Кенеша Шералы Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
УКМК издөө жарыялаган Шералы Абдылдаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди
Экөө тең жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыр күздөгү парламенттик шайлоого партия лидерлери болуп катышкан. Бакиров "Мекеним Кыргызстандын" сап башында турса, Аманкулов "Биримдик" партиясын жетектеген.
Белгилей кетсек, буга чейин Аманкуловго УКМК тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ага тиешелүү мүлктөрдүн жалпы баасы 1,5 миллиард сомдон ашык экени айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0