13:34 04 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7946
  • EUR95.7543
  • RUB1.1499
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
88 0 0

Салык кызматы таза иштебеген жана коррупциялашкан кызматкерлерден арылуу боюнча бардык чараларды көрүүдө.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Пара алууга шектелип кармалган Биринчи май райондук салык башкармалыгынын жетекчиси Тунукбек Бектуров кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Аны кызматтан кетирүүгө пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалышы негиз болгону белгиленет. Ошондой эле "ишеничтен кетти" деген да жүйө келтирилген.

"Мамлекеттик салык кызматы жер-жерлерде коррупциянын булактарын аныктоо жана түп тамыры менен жок кылуу боюнча масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө. Тилекке каршы, салык органынын кызматкерлери пара алып кармалган фактылар катталууда. Салык кызматынын жетекчилиги таза иштебеген кызматкерлердин аныкталышына кызыкдар. Ошону менен бирге коррупциялашкан кызматкерлерден арылуу боюнча бардык чараларды көрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

УКМК райондук салык башкармалыгынын жетекчисин кечээ, 30-мартта, кармаган. Ал кол алдындагы кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, алардын компетенциясына кирген маселелерди оң тарапка чечүү үчүн ишкерлерден системалуу түрдө акча алган коррупциялык схема түзгөн деп шектелүүдө.

Тема боюнча

Фамилиясын өзгөрткөн Султанбеков акыйкатчынын орун басарлыгына өтпөй калды
Ленин районунун акими Чыныбаев кызматтан кетип, ордуна Өскөмбаев келди
УКМК жетекчилигинин атын жамынып мамкызматкерден 180 миң доллар алгандар кармалды
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, кызмат, бошотуу, пара, УКМК

ЭҢ МААНИЛҮҮ