Парламент Сотторду тандоо кеңешинин 9 мүчөсүн шайлады. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЗал судебных заседаний Жайылского районного суда
Зал судебных заседаний Жайылского районного суда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Добушка коюлуп сунушталган талапкерлердин баарын шайлоого 62 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Сотторду тандоо кеңешинин 9 мүчөсүн шайлады.
Талапкерлер квотанын негизинде үч тараптан сунушталды.
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынан сунушталгандар:
  • Мунара Жолдошова;
  • Болоткан Дүйшөналиев;
  • Жолдошбек Сулайманов.
Оппозициялык фракциялардан сунушталгандар:
  • Алмазбек Арзыбаев;
  • Бактыбек Сатылганов;
  • Динара Качкыналиева.
Соттор кеңешинен сунушталгандар:
  • Шералы Камчыбеков;
  • Мирад Диниев;
  • Эмира Барктабасова.
Натыйжада добушка коюлуп, талапкерлердин баарын шайлоого 62 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0