УКМК издөө жарыялаган Шералы Абдылдаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди

© Фото / пресс-служба ЦИК КРДепутат Жогорку Кенеша Шералы Абдылдаев
Депутат Жогорку Кенеша Шералы Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Абдылдаевге издөө жарыяланып, камоо чечими чыккан. Бирок өткөн жылы 12-октябрда шектүү оор илдетке чалдыкканына байланыштуу кылмыш иши токтотулган.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен депутаттык мандат алган Шералы Абдылдаев бүгүн парламентте ант берди.
Ал партия лидери Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылгандан кийин ордуна депутат болуп келип жатат.
Шералы Абдылдаев 2010-жылдан кийин чоң кызматтарды ээлеп, Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы, транспорт жана коммуникация министринин орун басары, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп иштеген.
Айбек Осмонов Бир Бол партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
"Мекеним Кыргызстан" партиясын негиздеген Айбек Осмонов ЖК депутаты болду
2017-жылы УКМК тарабынан Абдылдаевге айып тагылып, издөө жарыяланган. Ал "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка адамдарга карата козголгон кылмыш ишинин фигуранттарынын бири болгону айтылган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Абдылдаевге баш коргоо чарасы катары камакка алуу чечими чыккан.
Ал эми БШКдан анын иши 2017-жылы өзүнчө өндүрүшкө алынып, 2020-жылдын 12-октябрында шектүү оор илдетке чалдыкканына байланыштуу токтотулганын билдиришти.
Шайлоо комиссиясынын төрайымынын биринчи орун басары Абдыжапар Бекматов анын соттолгондугу жок болгон соң мандатты бербей коюуга эч кандай негиз жок экенин айтты. Жыйынтыгында БШК мүчөлөрү ага мандат берүү токтомун колдогон.
Жаңылыктар түрмөгү
0