Садыр Жапаров башкы прокурордун орун басарын алмаштырды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБашкы прокуратуранын имараты. Архив
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
Жаманбаеванын ордуна келген прокурор Альчиев буга чейин Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары болуп иштеген.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаманбаева кызматтан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ал өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз бергени айтылат.
Анын ордуна башкы прокурордун орун басары болуп Рысбек Альчиев дайындалды. Тиешелүү буйруктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Альчиев буга чейин Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары болуп иштеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0