Бейшеналиев 114 өлкөнүн билим берүү министрлеринин кеңешмесине катышты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев. Архив
 Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
114 өлкөнүн билим берүү министрлери катышкан жогорку деңгээлдеги онлайн-кеңешме ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев "COVID менен өткөн бир жыл: бүгүнкү муунга апааттын кесепетин жоюу үчүн билим берүүнү калыбына келтирүү боюнча приоритет" деген темадагы онлайн-кеңешмеге катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Дүйнө жүзүндөгү 114 өлкөнүн билим берүү министрлери катышкан жогорку деңгээлдеги онлайн-кеңешме ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган.
"Кеңешмеде министрлер COVID-19 пандемиясынын шарттарында жалпы билим берүүчү мектептерде окуу-тарбиялоо процессин жана аралыктан окутуу форматын уюштуруу тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алмазбек Бейшеналиев мектептердин ишин жандандыруу, приоритеттерди аныктоо жана мугалимдерди колдоо темасында сүйлөдү. Аны менен катар өлкөдө билим берүү контенти онлайн форматка которулганын, 7000ден ашуун видеосабак даярдалып, эки мамлекеттик телеканал аркылуу көрсөтүлгөнүн айтып берди", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министр кыргыз өкмөтү өлкө боюнча билим берүү мекемелерин жаппай, анын ордуна жергиликтүү бийлик органдарына эпидемиологиялык кырдаалга жараша өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн бергенин маалымдаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0