Дилшод Рахмон референдумда КМШ ассамблеясынын байкоочуларын жетектейт

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуштарды эсептөө учурунда БШКнын кызматкерлери. Архив
Добуштарды эсептөө учурунда БШКнын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум 11-апрелде өтөт. Анда бир катар эл аралык уюмдар байкоочулук кылат.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы референдумда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын  (ПАА) мониторинг кылуу тобун Дилшод Рахмон жетектейт. Бул тууралуу буйрукка ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко кол койду.
Маалыматка караганда, Рахмон Тажикстандын парламентинде адам эркиндиги жана мыйзамдуулук комитетин жетектейт. Ошондой эле КМШ ПААсына туруктуу мүчөлүк кылат.
Референдум по проекту новой Конституции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жаңы Конституция долбоору тууралуу толук кеп: референдумдан соң бизди эмне күтөт?
Аталган топтун курамына ассамблеяга мүчө өлкөлөрдүн депутаттары, кеңеш катчылыгынын мүчөлөрү,  Демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана КМШ ПАА жарандарынын шайлоо укуктарын сактоо, демократия жана парламентаризмди өнүктүрүүнүн мониторинги эл аралык институтунун адистери кирди.
Жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум 11-апрелде өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0