Садыр Жапаров кимдин сөзүн угат. Ажонун кеңешчилери тууралуу маалымат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы мамлекет башчысы Садыр Жапаровго ким кеп-кеңеш берип турат жана бул адамдар туурасында кандай маалыматтар белгилүү экендигине кызыгып көрдү.
Жапаров жакында берген маектеринин биринде кеңешчиси менен маалымат катчысы аны аябастыгын, эс алдырбай, бир да мүнөтүн бош койбой тургандыгын айткан эле.

Мурдагы кеңешчилер

Былтыр 22-октябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясат жана инвестициялык маселелер боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. Президенттин аппаратынан Айдарбековдун дайындалышы анын мурдагы кызматтарындагы бай тажрыйбасынан жана соңку кызматынын жыйынтыгынан улам болгонун билдирген. Анткен менен 40 күндөн кийин Айдарбеков өзүнүн берген арызына ылайык кеңешчиликтен кеткен.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүБылтыр 22-октябрда Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясат жана инвестициялык маселелер боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. 40 күндөн кийин Айдарбеков өзүнүн берген арызына ылайык кеңешчиликтен кеткен.
Совещание министров иностранных дел ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Былтыр 22-октябрда Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясат жана инвестициялык маселелер боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. 40 күндөн кийин Айдарбеков өзүнүн берген арызына ылайык кеңешчиликтен кеткен.
22-октябрда ЖК депутаты Акылбек Жапаров Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы жаңы кеңешчилигине дайындалганы маалым болду. Бирок 5 күндөн соң президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду үч күн издеп таппай койгондуктан бошоткондугун айтты. Ага жооп берген депутат-кеңешчи күнөөсүн мойнуна алып, байланышка ооруп чыкпай калгандыгын түшүндүргөн.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков22-октябрда ЖК депутаты Акылбек Жапаров Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы жаңы кеңешчилигине дайындалган. Бирок 5 күндөн соң Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду үч күн издеп таппай койгондуктан бошоткондугун айтты.
Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
22-октябрда ЖК депутаты Акылбек Жапаров Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы жаңы кеңешчилигине дайындалган. Бирок 5 күндөн соң Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду үч күн издеп таппай койгондуктан бошоткондугун айтты.
2020-жылдын октябрында Садыр Жапаров коомдук башталышта эки кеңешчи дайындаган: алар техникалык илимдин доктору Талант Рыспаев жана коомдук фонддордун биринин башчысы Элнур Сулайманов. Бирок маалымат кызматынан алар февралда эле бошотулганын, эми Жапаровдун төрт (коомдук башталышта) кеңешчиси бар экенин айтышты. Алар: Медетбек Букуев, Арслан Койчиев, Равшанбек Сабиров жана Марат Турсунбеков.

Медетбек Букуев

Мини-футбол боюнча ассоциациянын негиздөөчүсү, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, КМУнун профессору Медетбек Букуев 64 жашта. Ал кеңешчи болуп 29-январда дайындалган. Букуев 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган. Кийинчерээк Москвадагы Бүткүл союздук дене тарбия илим-изилдөө институтунун аспирантурасында окуган. 2001-жылы КРСУдан юриспруденция адистиги боюнча экинчи жогорку билимин алган.
Ал Жапаров билим алган Дене тарбия жана спорт институтунун футбол жана гандбол боюнча кафедрасын бир нече жыл жетектеген. Букуев 5 моногрфия жана 50гө чукул илимий, публицистикалык эмгектердин автору. Былтыр "Мекенчил" партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болууга аракет кылган.

Арслан Койчиев

Тарых илимдеринин кандитаты, жазуучу жана журналист Арслан Койчиев 55 жашта. Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин, Лондон университетинин чыгыш таануу жана африканистика мектебин аяктаган. Бир катар ЖМКларда иштеп, BBC радиосунун кыргыз кызматынын продюсери болгон.
Юстиция министрлигиндеги маалыматтарга карганда, "Манас Ресорсиз" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Аталган компаниянын негизги ишмердүүлүгү "кымбат баалуу металлдарды казуу жана байытуу" деп белгиленген.
Ачык маалыматтарга таянсак, Койчиев президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовдун карындашы Акчолпон Койчиеванын күйөөсү.

Равшанбек Сабиров

Равшанбек Сабиров 51 жашта. 1996-жылы КМУну аяктаган. Кийинчерээк ушул эле окуу жайда юриспруденцияда окуп, бажы ишине адистешкен билим алган.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЖаңы өкмөт куралгандан кийин Сабиров ээлеген вице-премьерлик кызмат жоюлган, бирок Жапаров Сабировду жумушсуз калтырбай, өзүнө кеңешчи кылып алган.
Награждение победителей конкурса Лучший айыл окмоту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жаңы өкмөт куралгандан кийин Сабиров ээлеген вице-премьерлик кызмат жоюлган, бирок Жапаров Сабировду жумушсуз калтырбай, өзүнө кеңешчи кылып алган.
2010-жылга чейин Сабиров ишкердик менен алектенген. 2010-жылы шайлоодо Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен бирге "Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. Кийинчерээк Сабиров Социалдык жактан өнүктүрүү министрлигин жетектеп, 2021-жылы пара алды деген шек менен кызматынан түшкөн. Бишкек шаардык соту анын мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. 2014-жылдын май айында мунапыска илинип, ал эми октябрь окуяларынан кийин вице-премьер болуп дайындалган.
Жаңы өкмөт куралгандан кийин вице-премьерлик жоюлган, бирок Жапаров Сабировду жумушсуз калтырбай, өзүнө кеңешчи кылып алган.

Марат Турсунбеков

Садыр Жапаровдун бул кеңешчиси тууралуу ачык булактарда маалыматтар аз. Январдагы шайлоодо ал Жапаровдун ишенимдүү адамдарынын бири болгон.
Юстиция министрлигиндеги маалыматтарга карганда, Турсунбеков төрт компаниянын ээси.
Алар:
  • "Тянь-Шань-Трэвэл" (имараттарды курат);
  • "Вилар Компани" ("кымбат баалуу металлдарды казат жана байытат);
  • "Атаир" (имараттарды курат);
  • "Коста-Брава" (мейманкана кызматын сунуштайт).
Турсунбековдун компаниясы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын долбоорлоп жана курууга катышканы белгилүү. Курулушка сиңирген өзгөчө салымы үчүн ал 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин колунан ыраазылык кат алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0