Жапыкеев президент Жапаровдун жарлыгы менен генерал болгон

© Фото / пресс-служба ГСБЭПФинансы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев. Архив
Финансы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан Жапыкеевге генералдык наам берилгени тууралуу президенттин аппаратына кайрылып, расмий жооп алды.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Финансы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеевге "Финансы полициясынын генерал-майору" наамы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ыйгарылган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Буга чейин айрым ЖМКларда Жапыкеевге генералдык наам берилгени боюнча ар кандай маалыматтар айтылган. Ал арада президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Финполдун экс-башчысына жогорку наам берилген-берилбегенин билбегени коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Жапыкеевге генералдык наам берилгени тууралуу президенттин аппаратына кайрылып, расмий жооп алды.
Текст толугу менен берилет:
"Кыргыз Республикасынын "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Финансылык полиция кызматкерлерине "Финансылык полициянын генерал-лейтенантына" чейинки атайын наамдар ыйгарылат.
Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдын 17-беренесине ылайык, укук коргоо органдарынын жогорку башкаруучу курамынын кызмат орундарынын жана аларга тиешелүү атайын наамдардын тизмеси өлкө башчысы тарабынан бекитилет.
Ушунун негизинде президенттин жарлыгы менен мамлекеттик органдардын жетекчи кызмат орундарынын жана тиешелүү жогорку атайын класстык чендердин жана атайын наамдардын тизмеси бекитилген.
Бул жарлык менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) төрагасына "Финансылык полициянын генерал-майору" (эң жогорку наам "Финансылык полициянын генерал-лейтенанты") жогорку атайын наамы каралган.
Атамбаев Куралдуу күчтөргө: өлкө эч кимдин алдында тизелебейт, анткени сиздер барсыздар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Кыргызстанда канча адам генерал наамын алган. Тизме
Ошондой эле бул жарлыкка ылайык, президенттин чечими менен биринчи же кезектеги жогорку класстагы атайын класстык чендер жана атайын наамдар кызматтагы убактысын эске албастан берилиши мүмкүн.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, 2021-жылдын 4-мартында президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Сыймык Жапыкеевге "Финансылык полициянын генерал-майору" жогорку атайын наамы ыйгарылган".
Кызматтан кетип жатып генерал наамын алганын Жапыкеев өзү айтып чыккан болчу.
Эскерте кетсек, Жапыкеев 2020-жылдын 6-октябрындагы бийлик алмашуудан кийин аталган кызматка келип, мекеме жоюлганга чейин иштеген. Ушул жылдын март айында Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилгенде ЭККМК жоюлуп, Финансы министрлигине карап калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0