Аида Саляновага карата сот өкүмү жокко чыгарылды. Иш кайрадан каралат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМурдагы башкы прокурор Аида Салянова. Архив
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
2017-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту Аида Салянованы мүлкүн камакка алуу менен беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата соттордун өкүмү жокко чыгарылып, иш кайрадан кароо үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жактоочу Рабига Садыкованын жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Салянованын ишин кайра карап чыгуу өтүнүчү жарым-жартылай жактырылды. Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 10-октябрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 7-февралындагы жана Жогорку соттун 2018-жылдын 22-майындагы чечимдери жокко чыгарылып, кайрадан кароо үчүн Ленин райондук сотуна жиберилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Октябрда акталган министр Өмүралиевди сот кайра күнөөлүү деп таап, айыпка жыкты
Салянованын иши
Эске салсак, 2017-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту Аида Салянованы мүлкүн камакка алуу менен беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок Салянованын 2015-жылы төрөлгөн баласы 14 жашка чыкканча чечимдин мөөнөтү жылдырылган. Кийин бул чечимдерди Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот күчүндө калтырган. Ал юстиция министринин милдетин аткарып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирип берген деп айыпталган.
Белгилей кетсек, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш ишинде дагы фигурант катары каралган.
Жаңылыктар түрмөгү
0