Жапаров экология боюнча жарлыкка кол койду. Өкмөткө берилген сунуштар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Президенттин жарлыгында газ колдонулган транспорт каражаттарын көбөйтүүгө жана 20 жылдан ашкан транспортту пайдалануудан баш тартууга шарт түзүү каралган.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров "Экологиялык коопсуздук жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар" жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Абанын булгануусунун калктын саламаттыгына тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн өкмөткө төмөнкүлөр сунушталды:
  • эл аралык ченемдерге жана талаптарга ылайык, атмосфералык абаны булгоонун стационардык жана көчмө булактарын көзөмөлдөө боюнча ченемдик-усулдук базаны кайра карап чыгуу;
  • электр энергиясы жана газ колдонулган транспорт каражаттарын көбөйтүү үчүн шарт түзүү;
  • 20 жылдан ашкан транспорт каражаттарын пайдалануудан баш тартууга дем берүү боюнча чараларды көрүү;
  • шаарлардын өнүгүү келечегин жана көп жылдык шамал режимин (шамал багытын) эске алуу менен калктуу конуштардагы аба мейкиндигинин циркуляциясын камсыз кылуу үчүн бийик имараттарды долбоорлоого, жайгаштырууга жана курууга ченемдерди жана талаптарды кайра кароо;
  • жашылдандыруу ченемдерин көбөйтүү жана калктуу конуштарда жашыл өсүмдүктөрдүн аянтын туруктуу динамикалуу көбөйтүүнү, анын ичинде алардын айланасында жашыл тилкелерди түзүүнү жана кеңейтүүнү камсыз кылуу;
  • Калдыктарды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу үчүн:
  • "калдыктан кирешеге" принцибин кеңири ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү;
  • минералдык-чийки зат ресурстарын толук жана комплекстүү пайдаланууну камсыз кылуу, өндүрүштөрдүн калдыктарын чарбалык жүгүртүүгө киргизүү;
  • калдыктарды кайра иштетүү, утилизациялоо боюнча ишканаларды түзүүгө, аз калдыктуу жана калдыксыз технологияларды киргизүүгө дем берүү;
  • катуу тиричилик калдыктарын бөлөк чогултуу системасын жер-жерлерде ишке киргизүү, экинчи жолу иштетилген ресурстар рыногун өнүктүрүү;
  • Агынды суулардын курчап турган чөйрөгө жагымсыз таасирин кыскартуу жана мөңгүлөрдү сактоону камсыз кылуу үчүн:
  • республиканын калктуу конуштарында, туристтик объектилердин аймагында жана эс алуу пунктуларында, анын ичинде Ысык-Көл акваториясында тазалоочу курулмаларды көзөмөлдөөнү камсыз кылуу;
  • айрым мөңгүлөргө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүү үчүн ченемдик базаны кеңейтүү;
  • Табигый экосистемаларды калыбына келтирүү жана кайталангыс биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону камсыз кылуу үчүн:
  • табигый экосистемалардын жана токойлордун сакталышына өзгөчө көңүл буруу, алардын талаптагыдай экологиялык абалын кармап туруу боюнча чараларды көрүү;
  • токойлорду өрттөн, илдеттерден жана зыянкечтерден коргоону күчөтүү;
  • асылдуулугу төмөн жерлерде токойду өстүрүүнү камсыз кылуу;
  • тирүү организмдерди жана өсүмдүктөрдү көбөйтүүнү жана эсепке алууну, аңчылыкты ченемдүү кылууну, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактардын аянтын көбөйтүүнү камсыз кылуу боюнча ишти күчөтүү;
  • Химиялык жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн:
  • таштандыларда уулуу калдыктарды жана материалдарды көмүү практикасын болтурбоо боюнча чараларды көрүү, аларды жайгаштыруу үчүн полигондордун курулушун камсыз кылуу;
  • Кажы-Сай жана Миң-Куш, Майлуу-Суу, Шекафтар, Кара-Балта кен комбинатынын аймагында уран калдыгын сактоочу жайды жана Сузактагы ири көрүстөндөрдө эскирген пестициддерди зыянсыздандыруу;
  • Жерлердин азыктуулугун жогорулатуу үчүн:
  • кыртышты эрозиядан коргоо, өз убагында мелиорациялоо жана жерлерди рекультивациялоо боюнча чараларды күчөтүү;
  • жогорку азыктуулуктагы жерлерди айыл чарба багытындагы эмес муктаждыктарга бөлүү практикасын токтотуу;
  • жаратылышты коргоо долбоорлорун финансылык колдоо, экологиялык инвестицияларды жана технологияларды тартууга дем берүү үчүн Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу жана кошумча финансы ресурстарын тартуу боюнча ишин активдештирүү;
  • Жаратылышты коргоо системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында эл аралык кызматташуу үчүн:
  • жөнгө салуу жана көзөмөлдөө функцияларын консолидациялоо менен экология боюнча ыйгарым укуктуу органды күчөтүү, экологиялык чөйрөдө бир бүтүн мамлекеттик башкарууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
  • тазалоочу түзүлүштөрдүн жана курулмалардын ишин, техногендик авариялардын жана кыйроолордун келип чыгуу коркунучун азайтуу максатында экологиялык талаптарды сактоо бөлүгүндө өндүрүштөрдө технологиялык тартиптин абалын дайыма текшерип туруу механизмин иштеп чыгуу;
  • жаңы билимдерди жана экономиканын өнүгүүсүнүн мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алуу менен курчап турган чөйрө үчүн стандарттарды кайра карап чыгуу, эл аралык экологиялык стандарттарды жана экологиялык зоналарды киргизүү боюнча ишти күчөтүү;
  • экология чөйрөсүндө заманбап маалыматтык системаларды жана маалымат базаларын түзүүнү тездетүү;
  • ыйгарым укуктуу органдардын оперативдүү чара көрүүсү үчүн бүткүл өлкө боюнча коомчулук тарабынан аныкталган экологияны бузуу фактыларын жайгаштыруу үчүн онлайн-платформаны иштеп чыгуу;
  • Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алып, тышкы каржылоону тартуу үчүн өнүгүү боюнча негизги өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн комплекстүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана экологиялык проблемаларды чечүүгө багытталып ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;
  • экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана климаттык туруктуулук боюнча макулдашылган бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана ведомстволорду көзөмөлдөө үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органды аныктоо менен ведомстволор аралык координацияны күчөтүү;
  • Кыргызстандын экологиялык коопсуздугунун концепциясынын долбоорун алты айлык мөөнөттө иштеп чыгуу жана кароого киргизүү;
  • 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө 2015-жылдын 12-декабрында кабыл алынган Париж макулдашуусунун максаттарына жетүүгө өбөлгө болгон буу газдарынын чыгуусун кыскартууга жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине ыңгайлашууга Кыргызстандын кошкон салымына улуттук деңгээлде баа берүү;
  • алты айлык мөөнөттө ар бир облус жана республикалык маанидеги шаарлар үчүн экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана климаттык туруктуулук боюнча пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0