Абылгазиев менен Сегизбаевдин камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Мурдагы аткаминерлер январь айынын аягында УКМК тарабынан кармалышкан. Бири мыйзамсыз баюуга, экинчиси кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди тергөө абагында кармоо мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.
Райондук соттун 19-марттагы чечими менен Абылгазиев 25-майга чейин камакта калтырылды.
Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Райым Матраимов эки айга камакка алынды
Ушул эле күнү Биринчи май райондук сотунда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы каралып, анын дагы камактагы мөөнөтү 26-майга чейин узартылды.
Мухаммедкалый Абылгазиев 26-январь күнү мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган.
Ал эми кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелген Абдил Сегизбаев 25-январда кармалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0