Ташкентте ШКУ өлкөлөрүнүн атайын кызматтары чогулду. Ортодо эмне кеп болду

© Фото / пресс-служба ГКНББүгүн Өзбекстандын борбор калаасында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн 36-отуруму болуп өттү
Бүгүн Өзбекстандын борбор калаасында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн 36-отуруму болуп өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Жыйында аймактык коопсуздук маселелери каралып, ШКУдагы террорчулукка, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттер талкууланды.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бүгүн Өзбекстандын борбор калаасында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн 36-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
© Фото / пресс-служба ГКНББүгүн Өзбекстандын борбор калаасында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн 36-отуруму болуп өттү
Бүгүн Өзбекстандын борбор калаасында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн 36-отуруму болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бүгүн Өзбекстандын борбор калаасында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн 36-отуруму болуп өттү
© Фото / пресс-служба ГКНБТүзүмгө Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия жана Өзбекстандын компетенттүү органдары жана ШКУнун Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн аткаруу комитетинин делегациялары кирет.
Түзүмгө Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия жана Өзбекстандын компетенттүү органдары жана ШКУнун Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн аткаруу комитетинин делегациялары кирет. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Түзүмгө Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия жана Өзбекстандын компетенттүү органдары жана ШКУнун Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн аткаруу комитетинин делегациялары кирет.
1/2
Бүгүн Өзбекстандын борбор калаасында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн 36-отуруму болуп өттү
2/2
Түзүмгө Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия жана Өзбекстандын компетенттүү органдары жана ШКУнун Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн аткаруу комитетинин делегациялары кирет.
Түзүмгө Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия жана Өзбекстандын компетенттүү органдары жана ШКУнун Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн аткаруу комитетинин делегациялары кирет.
Анда аймактык коопсуздук маселелери каралып, ШКУдагы террорчулукка, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттер талкууланды.
Ошондой эле уюмга мүчө-мамлекеттердин 2022-2024-жылдарга карата терроризмге каршы туруу программасынын долбоору жактырылды.
"ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын 2021-жылы террорчулукка каршы биргелешкен "Пабби - Антитеррор – 2021" машыгууларын жана чек ара кызматтарынын башчыларынын сегизинчи жолугушуусу, эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүү чечимдери кабыл алынды", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, уюштуруу иштери боюнча бир катар маселелер каралды. Түзүмдүн кийинки жыйыны быйылкы жылдын сентябрь айында ошол эле Ташкент шаарында Өзбекстандын төрагалыгы алдында өткөрүлмөкчү.
Жаңылыктар түрмөгү
0