Жапаровдун Өзбекстанга сапары жыйынтыкталды. Президент эмне менен кайтып келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев
Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Жапаров менен Мирзиёевдин жолугушуусунун жыйынтыгында 22 келишимге кол коюлду. Эки тараптуу кызматташуу боюнча бул документтер экономикадан тарта аскердик кызматташууга чейинки бардык тармакты камтыган.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарын жыйынтыктаган президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта, Бишкек шаарына кайтып келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Сапарда эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулады, андан сырткары, өкмөттөр ортосунда бир нече кызматташуу келишимдери болду. Жапаров парламент спикерлери, өкмөт башчысы менен да кезигип, сүйлөштү.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСапарда эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулады, андан сырткары, өкмөттөр ортосунда бир нече кызматташуу келишимдери болду
Государственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Сапарда эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулады, андан сырткары, өкмөттөр ортосунда бир нече кызматташуу келишимдери болду
Мирзиёев соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү жана бардык тоскоолдуктарды жоюу, биргелешкен ишканалардын санын элүүгө жеткирүү менен бизнес объектилердин ортосундагы кооперацияларды күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.
Сапардын алкагында Жапаров менен Мирзиёев эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты. Ал 27 пунктудан турду.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСапардын алкагында Жапаров менен Мирзиёев эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты
Государственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Сапардын алкагында Жапаров менен Мирзиёев эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты
Президент Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугуп, кызматташуу боюнча сүйлөшүп, КРде дары өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылды.
Өзбекстан Кыргызстан менен товар айлантуусун 2 миллиард долларга чыгарууну көздөп жатат. Маалыматка караганда, ушул тапта Өзбекстанда кыргыз капиталын пайдаланган 183 ишкана бар. Ошондой эле пандемия учурунда эки өлкө ортосундагы соода-сатык бир топ көбөйгөн.
Жапаров Ташкенттен кур кол келбей, 20 тез жардам автоунаасын ала келди. Бул коңшулар тарабынан Кыргызстанга белек катары берилди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖапаров Ташкенттен кур кол келбей, 20 тез жардам автоунаасын ала келди
Государственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жапаров Ташкенттен кур кол келбей, 20 тез жардам автоунаасын ала келди
Дагы бир белгилей кете турган нерсе — эки өлкө үчүн суу маселеси башынан бери өтө маанилүү жана аярлыкты талап кылган учурлардын бири. Эки президенттин Ташкенттеги жолугушуусунда суу-энергетикалык ресурстардын рационалдуу колдонулушу боюнча маселе көтөрүлгөн. Өзбекстан Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышууга даяр экендигин айтты
Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгында 22 келишимге кол коюлду. Эки тараптуу кызматташуу боюнча бул документтер экономикадан тарта аскердик кызматташууга чейинки бардык тармакты камтыды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгында 22 келишимге кол коюлду
Государственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгында 22 келишимге кол коюлду
Сапардын жыйынтыгында Жапаров президент Мирзиёевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Кайра жанданган кызматташуунун соңку этабы

Солгундап кеткен кыргыз-өзбек мамилелери Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин, 2016-жылдын соңунан тарта жаңы түс алган. Эки өлкөнүн ортосундагы чыңалган мамиле жумшарып, чек ара көйгөйү сыяктуу маселелерде жылыш байкала баштаган.
Эки тараптын делегациялары бири-бирине каттап, ымала жылыган. 2017-жылдын 5-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келсе, бир айдан кийин Алмазбек Атамбаев дагы коңшу өлкөгө мамлекеттик сапары менен барган.
Визит премьер-министра Сапара Исакова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2018
Тур, турагой, Өзбекстанга кечигебиз!
Азыр деле эки өлкөнүн чектеш аймактарында чек ара чыры чыгып кетип, бирок ал тиешелүү деңгээлдеги кызматтардын ортосунда чечилип келет. Эмне болгондо да талаштуу чек ара тилкелерин тактап алуу маанилүү маселе катары калууда. Тараптар коронавирус пандемиясынын айынан жайлап калган өкмөттүк делегациялардын ишин жандандыруу зарылдыгын айтышкан.
УКМКнын төрагасы мындан мурдараак март айынын башында Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара боюнча мамлекеттик комиссия ишин жандантарын билдирген.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жалпы чек аранын узундугу 1 378 чакырым. Бүгүнкү күндө анын 58 жериндеги 324 чакырымы талаштуу болуп эсептелет.
Жаңылыктар түрмөгү
0