Жапаров Өзбекстан парламентинин жетекчилери менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушу учурунда
Президент Садыр Жапаров Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Олий Мажлисинин жогорку жана төмөнкү палаталарынын спикерлери менен жолукту. Тараптар эки өлкө ортосундагы байланышты жогорку деңгээлге чыгаруу боюнча маселелерди талкуулашты.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-мартта, Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева жана мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-мартта, Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-мартта, Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-мартта, Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-мартта, Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолукту
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-мартта, Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-мартта, Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолукту
1/2
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-мартта, Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту
2/2
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-мартта, Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолукту

Төрайым менен талкууланган маселелер

Президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен парламенттер аралык кызматташуунун ырааттуу өнүгүшүнө абдан кызыкдар экенин билдирди.  Ал 2019-жылы эле пландалып, бирок бир катар объективдүү себептерден улам кийинкиге жылдырылган Танзила Нарбаеванын Кыргызстанга боло турган расмий сапарын күтүп жатканын да кошумчалады.
Мындан сырткары, президент эки элдин ортосундагы достукту бекемдөөнүн олуттуу факторлорунун бири катары маданий диалогдун маанилүүлүгүнө токтолду.
Бажыдан өтуп бара жаткан фура. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Өзбекстан менен КР товар айлантуусун 2 млрд. долларга жеткирүүнү көздөп жатат
Бул өңүттө ал жергиликтүү элдин, жаштардын ортосундагы өз ара бир туугандык мамилелерди чыңдоо максатында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара райондорунун аймагында маданий-спорттук иш-чараларды арбын өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ал эми Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева президент Садыр Жапаровдун сапары эки мамлекеттин мамилелеринин жаңы барагын ачып жатканын айтты.
Ал өлкө парламенти, анын ичинде Жогорку палата Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин сүйлөшүүлөрүндө жетишилген бардык келишимдерди ишке ашырууга, ошондой эле парламенттер аралык жана аймактык кызматташууну өнүктүрүүгө ар тараптан көмөктөшөрүнө ишендирди.
Сенат төрайымынын айтымында, эки өлкөнүн мыйзамдарын гармонизациялоо үчүн парламенттер ортосунда маалыматтык-аналитикалык багыт боюнча кызматташууну өнүктүрүү зарыл.

Төрага менен талкууланган маселелер

Президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, пандемияга байланыштуу жылдырылган иш-чаралар, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиясынын үчүнчү жыйыны жакынкы мезгилде боло тургандыгына үмүт артарын айтты.
Гидроэлектростанция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Өзбекстан Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышууга даяр
Ошондой эле ал эки өлкөнүн соода-экономика жаатындагы зор потенциалы толук ачылбай жатканына да токтолуп, кыргыз тарап эки мамлекеттин рыногунда товар жүгүртүү менен кызмат көрсөтүүлөргө жагымдуу шарт түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын белгиледи.
Ал эми Өзбекстан Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасы эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына токтолуп өттү.
Жаңылыктар түрмөгү
0