Садыр Жапаров канайым экөө өзгөчөлөнгөн айымдарды куттукташты. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова
Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
Иш-чарага өз кесиптеринде өзгөчөлөнгөн айымдар — мугалимдер, врачтар, ишкерлер, спортчулар катышкан.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеңип чыккандыгын белгиледи. Иш-чарада биринчи айым Айгүл Жапарова дагы катышкан.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
1/3
Президент Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеңип чыккандыгын белгиледи
Мамлекет башчы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеңип чыккандыгын белгиледи - Sputnik Кыргызстан
2/3
Мамлекет башчы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеңип чыккандыгын белгиледи
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИш-чарада биринчи айым Айгүл Жапарова дагы катышкан
Иш-чарада биринчи айым Айгүл Жапарова дагы катышкан - Sputnik Кыргызстан
3/3
Иш-чарада биринчи айым Айгүл Жапарова дагы катышкан
1/3
Президент Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту
2/3
Мамлекет башчы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеңип чыккандыгын белгиледи
3/3
Иш-чарада биринчи айым Айгүл Жапарова дагы катышкан
"Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун оң жагына ооп, бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгегиңерге баа жетпейт. Кыргыз коомунда аялзаты эзелтеден эле урматталып, анын коомдогу жана саясий турмуштагы ээлеген орду абдан жогору бааланган. Акылман, кайраттуу, эмгекчил жана ажарлуу аялзатынын образдары катары Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзанын ысымдары элибиздин аң-сезимине бекем орноп, жүрөгүнөн түнөк тапкан", — деди президент.
Жапаровдун белгилешинче, бүгүн өлкө айымдары ар кайсы чөйрөлөрдө иштеп, коомдук турмушка активдүү катышууда. Ошол эле учурда алар ишке жоопкерчилик менен мамиле жасап, демилге көтөрүп, реформаларды колдоп, жаңы жетишкендиктерге умтулуу менен бирге, эң жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүп келишүүдө.
Мамлекет башчы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, мойнуна кошумча мээнет жүктөгөнүн кошумчалады.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, мойнуна кошумча мээнет жүктөгөнүн кошумчалады
Встреча президента Садыра Жапарова с женщинами со всех регионов страны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мамлекет башчы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, мойнуна кошумча мээнет жүктөгөнүн кошумчалады
"Биз аял врачтардын, медайымдардын, волонтёрлордун каармандыгын, жөнөкөй жарандарыбыздын өтөгөн эмгегин эч качан унутпайбыз. Алар бул илдетке каршы күрөштө алдыңкы катарда турушту. Өлкөдө болуп жаткан соңку өзгөрүүлөр, жаңылануу курсунун ишке ашырылышы кыргызстандык аялдардын түйшүгүн жеңилдетип, укугун коргойт деп ишенебиз. Ушул жаркыраган Жаз майрамында сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм!" — деди Жапаров.
Өз кесиптеринде өзгөчөлөнгөн айымдар — мугалимдер, врачтар, ишкерлер, спортчулар сөз сүйлөп, президенттин куттуктоосуна ыраазычылыктарын билдиришти. Ошону менен бирге өз тармактарындагы актуалдуу маселелерге учкай токтолушту.
Жаңылыктар түрмөгү
0