Жапаров: сот бийлиги — элдин биримдигин бекемдөөдө маанилүү курал

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров. Архив
Президент Кыргызстана Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарага катышып, бул тармактын көйгөлөрүнө токтолгон.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Сот бийлиги улуттар аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөдө маанилүү курал болуп саналат. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров билдиргенин президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарага катышкан.
Президент иш-чаранын катышуучуларына соттор менчиктин бардык түрлөрүнүн, жарандардын, ишкерлик субъектилеринин жана юридикалык жактардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын эффективдүү корголушун камсыз кылууга милдеттүү болсо, иш жүзүндө башкача болуп жатканын баса белгилеген.
"Кыргыз сот адилеттигинин жаргылчагына түшүп, андан реалдуу түрдө чыгып кетүү — бул чындыктан жомокко киргенге эсе. Муну мен ошол жаргылчактын бүт оорчулуктарын өзүмдүн жон терим менен сезип, башыман өткөргөн адам катары айта алам. 30 жылдан бери ар кандай соттук-укуктук реформалар жасалып келсе дагы биздин сот жана укук коргоо системаларыбыз өздөрүнүн эң негизги болгон — мыйзамдуулукту сактоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү милдеттерин так аткарбай келет деп биз ачык айтышыбыз керек. Ошондой эле эл аралык коомчулук, сырткы жана ички инвесторлор республиканын укуктук системасын менчикти жана бузулган укуктарды толук кандуу коргоп бере албаган система катарында кабыл алганын моюнга алышыбыз керек", — деди Жапаров.
Мамлекет башчысы коомдук аң-сезимде мамлекеттик укук коргоо жана сот тутумдарына карата терс мамиле жараткан көйгөйлөр көп экенин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0