Жапыкеев башында турган Финпол жоюлду

© Фото / пресс-служба ГСБЭП при ПКРӨкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын имараты. Архив
Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
Токтомдо аталган кызмат экономикалык коопсуздукту камсыздап, божомолдоо жүргүзүү функцияларын аткарышы керектиги, бирок акыркы убакта Финпол жазалоо менен гана алектенип калганы белгиленет.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлмай болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. 
Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Өкмөт Финансы полициясын жоюп туура кылдыбы?
"Расмий маалыматтарга ылайык, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сом же ИДПнын 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер аталган көрсөткүч 24-43 пайыз экенин айтышууда. Бул Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын иши максатка ылайык жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет", — деп айтылат маалыматта.
Токтомдо аталган кызмат экономикалык коопсуздукту камсыздап, божомолдоо жүргүзүү функцияларын аткарышы керектиги, бирок акыркы убакта Финпол жазалоо менен гана алектенип калганы белгиленет.
Эскерте кетсек, аталган кызматты октябрь окуяларынан соң Сыймык Жапыкеев жетектеп келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0