17:48 18 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5723
  • EUR100.7425
  • RUB1.1710
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
82 0 0

Ушул жылдын 24-25-февралында президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына барып, бир катар макулдашууларга кол коюлган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Россия элчиси Николай Удовиченкону кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Марипов Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, эки мамлекетти көп нерсе байланыштырып турарына токтолгон.

  • Премьер-министр Улукбек Марипов Россия элчиси Николай Удовиченкону кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
    Премьер-министр Улукбек Марипов Россия элчиси Николай Удовиченкону кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Жолугушуу учурунда Марипов Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, эки мамлекетти көп нерсе байланыштырып турарына токтолгон
    Жолугушуу учурунда Марипов Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, эки мамлекетти көп нерсе байланыштырып турарына токтолгон
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Өз кезегинде Удовиченко кызматташуунун актуалдуу маселелерин ыкчам чечүүгө даярдыгын белгиледи
    Өз кезегинде Удовиченко кызматташуунун актуалдуу маселелерин ыкчам чечүүгө даярдыгын белгиледи
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Улукбек Марипов Россия элчиси Николай Удовиченкону кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
"Премьер элчи менен саламаттык сактоо, билим берүү, маданий-гуманитардык, экономикалык кызматташууга, инвестициялык климатты жакшыртууга, биргелешкен долбоорлорго тиешелүү маселелердин комплексин талкуулады. Муну менен катар КР өкмөтү президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзөрүн айтты", — деп жазылат маалыматта.

Өз кезегинде Удовиченко кызматташуунун актуалдуу маселелерин ыкчам чечүүгө даярдыгын белгиледи.

Тема боюнча

Марипов Кытай элчиси менен авиакаттам, вакцина, жүк ташуу тууралуу сүйлөштү
Владимир Путин Садыр Жапаровго кунда жок кылыч белек кылды. Сүрөт
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, кызматташуу, жолугушуу, Николай Удовиченко, Улукбек Марипов, элчи

ЭҢ МААНИЛҮҮ