21:56 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Райымкулов Бекешев отурган жерге келип экөө сүйлөшүп турган, анан эле катуу кыйкырып бири-бирин сөккөнү угулду.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев менен Бактыбек Райымкулов жыйында отуруп сөгүшө кетти.

  • Депутат Дастан Бекешев
    Депутат Дастан Бекешев
    © Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
  • Депутат Бактыбек Райымкулов
    Депутат Бактыбек Райымкулов
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Депутат Дастан Бекешев

Жыйын учурунда Райымкулов Бекешев отурган жерге келип сүйлөшүп турган, анан эле катуу кыйкырып бири-бирин сөккөнү угулду. Экөө тең оозго алгыс сөздөрдү айтып, андан соң Райымкулов өзүнүн ордун карай басып кетти.

Көп өтпөй Райымкулов ортоңку микрофонго чыгып, бейөкмөт уюмдардын бюджетин ачыктоо боюнча мыйзам долбоору эки окуудан өтүп токтоп калганын, ошону үчүнчү окууга чыгарып берүүнү сурады. Ал батышчыл адамдар ар кандай митингдерди уюштуруп жатканын белгиледи.

Жаңжал эмнеден чыкканы азырынча белгисиз. Бүгүнкү жыйында Бекешев "кээ бир депутаттар коррупционерлерди колдоп митингге чыгып, бул жакта бийликке жагалданып, эл алдында башкача сүйлөп жүрөт” деген билдирүү жасаган.

Ал эми Бактыбек Райымкулов 28-февралда Ош шаарында Райым Матраимовду колдоо митингине катышып сөз сүйлөгөн болчу.

Тема боюнча

Алдына 4 "чычкан" чогултуп. Референдум дайындоого добуш берген депутаттардын видеосу
Бекешев: жаңы Конституциянын автору 4 эле депутат экен, калганы жасалмаланган
Белгилер:
жыйын, депутаттар, сөгүш, Дастан Бекешев, Бактыбек Райымкулов

ЭҢ МААНИЛҮҮ