Мамытов Конституция долбоорун талкуулабай, референдум дайындоого чакырды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив
 Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Спикер депутаттар суроо берген сайын азыркы каралып жаткан долбоор талкууга жатпай турганын эскертип жатат.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга жаңы Конституциянын долбоорун талкуулабай, референдумду дайындоо керектигин эскертти.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" мыйзамдын долбоору жалпы жыйында каралып жатат.
Анда депутаттар жаңы Баш мыйзамдын долбоорунун мүчүлүштүктөрүн айтып, оңдоону талап кылышкан.
"Долбоорду Конституциялык кеңешме жазып чыккан, азыр парламент референдумду гана дайындашы керек. Андыктан Баш мыйзамдын долбоорун талкуулабай, референдум дайындоону карайлы", — деди Мамытов.
Спикер депутаттар суроо берген сайын азыркы каралып жаткан долбоор талкууга жатпай турганын эскертип жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0